Шевченко көч. көрүнүшү. Сүрөт: Алексей Сахно.

Проект реализуется при поддержке Фонда президентских грантов

Мурда башында Шевченко Береговая деп аталчу, анткени ал Амур жээгин бойлой пристан жана базар жакка бир чакырымга созулчу. Чынында бул расмий эмес аталышы болчу, бирок анда расмий эрежелер иштечү. Мисалга алсак, Ури дарыясынын (биринчи аты Плюснинки, азыр Уссури бульварына катылган) оозунан баштап Средняя тоосуна (Муравьев-Амурский) чейинки көчө тилкесинде жарандык адамдар жашашкан. Көчөнүн калган бөлүгүн аскердик пост ээлеген.

Дагы Береговая көчөсү жана Амурдун ортосунан токой кыйып, курулуш жасоого тыюу салынган. Бул токой тилкеси башынан эле шаардыктардын эс алуучу жери болот деп болжонгон. Убакыттын өтүшү менен бул жерде кооз шаар багы пайда болду, ошондуктан көчө көп өтпөй өзүнүн биринчи расмий: Садовая аталышына ээ болду.

1881-жылы аны улуу князь Алексей Александровичтин урматына Алексеевскаяга өзгөртүшкөн, ал Хабаровкага 1873-жылы өтүп баратып кирип кеткен.

Бул көчөдө генерал-губернатордун резиденциясы жайгашкан. Азыр ал имаратты таанып болбойт: толугу менен кайра курулган жана анда россия армиясынын офицерлеринин аймактык үйү (РАОАҮ) жайгашкан. Эң эле биринчилерден болуп генерал-губернатордун үйүн комсомолдор ээлешкен – 1927-жылы ал имаратта (анда кайра курула электе) Кубяк атындагы (анын аты менен ошондой эле Хабаровскидеги көчөлөрдүн бири аталган) комсомолдук клуб жайгашкан.

2000-ж. башында Успенский собору курулуп жана Комсомольская аянты реконструкцияланып жатканда РАОАҮ жанаша турган имаратты, ошондой эле РАОАҮ паркынын дубалын түрттүрүп салышкан. Паркты өзү да болбой калды. Эми анын ордунда аскер даңкы шаарынын аянты турат.

1882-83-жылдарда Алексеевская көчөсүндө Хабаровскиде эң биринчи болгон таш имараттарынын бири-Приморье облустук башкармалыгы курулган (ал азыр "Парус" бизнес-борбору), ошондой эле аскер музейи. "Паруска" биздин шаарга келген дээрлик бардык атактуу адамдар токтошкон: анын балконунан Юрий Гагарин шаардыктар менен учурашкан, Россиянын биринчи Президенти Борис Ельцин жана көптөгөн башкалар жашаган.

Революциядан кийин жер жерлерде "падышага" тиешелүүнүн баарын жок кылына баштады. Ошентип Алексеевская Шевченко болуп калган. Ал Дальневосточная республикасы мезгилинде: 1921-жылдын мартында украина акыны жана сүрөтчүсү Тарас Григорьевич Шевченконун өлгөн күнүнө 60 жыл толгондо болгондугун белгилей кетүү керек. Айрым шаардыктар бул датада Украинская слободка көчөлөрүнүн бирине берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан, бирок ДВР өкмөтү бул иш үчүн борбордук көчөнү белгилеген. Аны кыйла кечирээк өркүндөтө башташкан: асфальтты, мисалга, 1937-жылдын жайында гана, Борбордук маданият жана эс алуу паркынын дубалын бойлото гана төшөшкөн.

2005-жылы оор Ми-26 тик учмасынын жардамы менен Шевечнко көчөсүнөн кабыл алуучу "Орбита" станциясынын антеннасы демонтаж кылынган, ал узак убакыт бою Хабаровскинин символу жана "Дальневосточная" телерадиокомпаниясынын логотиби болгон. Аны аба менен шаар четиндеги Скворцово айылына которушту, ал жерден ал сигналдарды кабыл албастан, бере да баштаган. "Орбитанын" ордуна Расмий кабыл алуу үйүнүн коридору менен кошулган дагы бир өкмөт имараты пайда болду.

Анда 1979-жылы жарым жартылай асыл таштардан художник Геннадий Павлишин тизген 12-метрлик "Поэма о Приамурье" мозаикалык панносу болгон. Көп жылдары бул чыгарманы көргөнгө туристтик, анын ичинде чет элдик топторду алып келишкен. Бүгүнкү күндө Кабыл алуу үйүнө кирүү оңой эмес. Ал эми Алексеевскаядагы экинчи "биринчи" таш имаратка да, бүгүнкү күндө кирүү жеңил эмес. Маңдайында көрүнүп турган "Тарых эсибизде!" деген баннерге карабастан, музейге эркин кирүү жок. Топтун курамында гана жана белгиленген убакытта гана кирүүгө мүмкүн болгон.

Алексеевскаядагы көрүнүктүү имараттардан башка да бардык мүмкүн болгон: чыт, жүн, кагаз материалдар, бут кийим, акшак, ун, макарондор, чай, кант товарларынын дүкөндөрү жайгашкан. 1887-1893-жылдарда Алексеевская көчөсү менен Плюснинка өзөнү аркылуу көпүрө-өтмөлөрдү курушкан. Буга чейин өзөн кечип өтмө болчу. Көп өтпөй приамурск генерал-губернаторунун резинденция болгон үйүдө, көпөстөрдүн жана ири аткаминерлердин өзгөчө үйлөрүнүн жанында фонарлар жанды, ал эми 1913-жылы жайында темир бетон тротурар такталары жаткырылган.

Шевченко көч. Гродековский музейи. Сүрөт: Алексей Елаш.

Садовая-Алексеевская-Шевченкодогу дээрлик бардык имараттар таштан болгондугуна байланыштуу, алар биздин күнгө чейин сакталып калган. Алардын арасынан — Гродековский музейи жана Богдановдун кирешелүү үйү, ал 1922-жылы улутташтырылган. Көп өтпөй аны прокуратура ээлеген, ал азыркы күнгө чейин өзгөчө үйдө жайгашпастан, ага дагы бир имаратты кошуп курушкан.

Соборная (Комсомольская) аянтынан баштап Гродековский музейине чейинки Алексеевский тилкесинин көпчүк бөлүгү аскер ведомстволору үчүн курулган: генерал-губернатордун үйүнөн башка дагы Офицердик жыйналышы (азыр бул жерде Дальневосточный көркөм музейи бар) жайгашкан өзгөчө үй аскерлерге тиешелүү болгон.

Шевченко көчөсүндөгү курулуштардын "экинчи" толкуну ХХ кылымдын 30-50-жылдарына туура келет. Ошондогу генерал-губернатордун реконструкцияланган үйүнө шаңдуу төрт колоннадан турган портчосу бар спорт комплексин (СКА бассейни) кошушкан.

Шевченко көчөсү Google Картасында

"Көчө үнү" галереясы