Черняховский көч. көрүнүшү. Сүрөт: Алексей Сахно.

Проект реализуется при поддержке Фонда президентских грантов

Бул көчө Хабаровсктун түштүк бөлүгүндө жайгашкан, Советтер Союзунун эки жолку баатыры болгон армиянын генералы Иван Данилович Черняховскийдин атынан коюлган.

Черняховский Хабаровскко да Алыскы Чыгышка да эч тиешеси жок болгонун дароо айтып кетүү керек. Түштүк кичи районун куруп жатышканда, негизги көчөлөрдүн аттарын улуу башкаруучулардын ысымынан коюшкан: Суворов, Ворошилов, Рокоссовский жана Черняховскийди да унутушкан эмес. Бирок ал "биздики" болбогондуктан анын көчөсү бир аз четте жайгашкан, ал Түштүк кичи районду жана Бешинчи аянтты бөлүп турат.

Ошентсе да, бардык советтик канондорго ылайык Черняховский, мындай айтканда "өзүнүн тактасында".

Ал 1907-жылы 16 (29) июнда Киев губерниясында төрөлгөн. Анын атасы темир жол кызматкери болгон, бирок Биринчи дүйнөлүк согушта алган жаракаттан кийин билдирүү кызматын таштоого туура келип, үй ээсиинин жардамчысына айланган. Жарандык согуш башталганда Черняховскийдин атасы менен апасы алты баланы жетим калтырып келтеден кайтыш болушкан. Мына ошондо болочок генерал жашоонун болгон "сүйкүмдүүлүгүн" башынан өткөргөн: үй-жайсыз болгон, шакирт, мал кайтаруучуу болуп иштеген, ошондо дагы ал өзүн өзү өнүктүрө берип орто мектептин экзамендерин тапшырганга үлгүргөн.

Андан соң Иванда комсомолдук сызык боюнча чоң карьералык өсүү башталган: ячейка секретары, атайын багыттагы болүктүн (АББ) батальоную. Антисоветтик көтөрүлүштөрдү ийгиликтүү баскандыгы үчүн Иван Черняховскийди жекелештирилген "Маузер" менен сыйланган. 20-жылдардын башында анда ийигиликтүү адамдын бардык атрибуттарынын топтому болгон: булгаары куртка, командирдин шапкеси жана "Маузер".

Кечээ көчөдө жүргөн бала армия – ага өтө ылайыктуу келгенин билип, окууга жөнөгөн. Башында Одессадагы жөө аскерлер мектебинде, андан соң Киевдеги артиллериялык мектепте, андан кийин такыр эле Ленинграддагы Ф.Э.Дзержинский атындагы Аскердик-техникалык академияда окуган. Чындыгында, ал иш-дыйкан Кызыл армиянын механизация жана моторизациясынын Аскердик академиясын аяктап, анын биринчи бүтүрүүчүсү болгон. Айтмакчы, окуу учурунда Черняховский коомдук тегин жашырганы белгилүү болгон. Аны Владимир Лениндин эжеси – Мария Ульянова коргоп чыккан.

Артиллерия мектебинде Черняховский берилип окуган курсанттардын бири, мыкты спортсмен, футболдук команданын капитаны, көркөм өз демилгелүүлүктүн активдүү катышуучусу, батареялык ырчысы болгон. Анын баритону жагымдуу жана угуусу жакшы болгон. Ага кошумча ал гитарада жана баянда ойноп, француз тилин билген.

Кадрдык аскер болуп, Черняховский Беларуссияда жана Балтика өлкөлөрүндө кызмат кылган. Ал жактан танкалык дивизиянын командири болуп Улуу Ата Мекендик согушка туш болгон. 1941-жылдын жайында Черняховскийге "полковник" наамын беришкен, ал эми бир жылдан кийин Воронеждик фронтка жөнөтүшкөн, ал жактан 60-армияны башкарууга алган.

Воронежди ийгиликтүү бошотуусу үчүн Черняховский өзүнүн биринчи Кызыл жышаан орденин алган (алардан төртөө бар болчу). Андан кийин Курскту ийгиликтүү бошотуу жана Днепрди басууну ыкчамдатуу боюнча мыкты операция болуп, ал үчүн Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

1944-жылы жазында советтик фронттордун эң жаш жетектөөчүсү болуп, Черняховский 3-Белоруссия фронтун башкарууга алган, ал болгону 37 жашта болчу. Витебск, Минск жана Вильнюсту ийгиликтүү бошоткондугу үчүн Иван Данилович СССР Баатырынын экинчи жылдызын алган. Сыйлыктардын бирөөнү ага Михаил Иванович Калинин өзү тапшырган.

Иван Данилович Черняховский, Советтер Союзунун эки жолку баатыры. СССР убагындагы ачык каттар көчүрмөсү.

Генерал өтө кызыктуу жана жаман жагдайларда каза болгон. Ал 1945-жылдын 18-февралында Мельзак (Чыгыш Пруссия) шаарынын четинде болгон, күндүз ал бошотулуп, фронттон алып жүргөн.

Иван Черняховский өзүнүн жол тандабасында оорук байланыштарын текшерип жүргөн, ошондо өз тарабынан эле жалгыз артиллериялык снаряд учуп келген. Ал командирдин машинасынын жанынан жарылды, автомобилге да, адамдардарга да зыян келтирген жок. Фронттун командиринен башкасына. Ал көкүрөгүнө оор жаракат алып, бир сааттан кийин каза болгон.

Армиянын Генералын 1945-жылдын 20-февралында, өзү бошоткон Вильнюстун (Литва) борбордук аянтында коюшту. Ошол күнү Москвада 124 куралдан 24 аза жапырт атуусу жаңырган. Ошол мезгилде душманга атылуучу снаряддарга "Черняховский үчүн" деп жаза башташкан.

1992-жылы Черняховскийдин сөөгү Москвада Новодевичье күмбөзүндө кайрадан жерге берилген. Польшанын Пененжно (азыр Мельзак ушундай аталат) шаарына жакын Иван Черняховскийге эстелик орнотушкан, аны польша бийлиги 2015-жылы оңдогон. Ага жооп катары бир жылдан кийин Москвада генералга жаңы эстелик орнотулган. Вильнюста орнотулган дагы бир эстеликти 1991-жылы Воронежге которушкан.

Мурдагы Советтер Союзунун шаарларында Черняховский атындагы көчөлөр пайда болгон. Хабаровскиде ал башка белгилүү аскер башчылары Ворошилов жана Суворовдун урматына аталган көчөлөрдү туташтырып турат.

Черняховский көчөсү Google Картасында

"Көчө үнү" галереясы