Малиновский көч. көрүнүшү. Сүрөт: Алексей Сахно.

Проект реализуется при поддержке Фонда президентских грантов

Малиновский көчөсү — Хабаровсктун жыш калкка толгон Түштүк кичи районунун негизги көчөлөрүнүн бири.

Хабаровсктун көчөлөрүнүн аттарын койгон Улуу Ата Мекендик согушту башкарган фронтторунун ичинен эң "хабаровсктугу" Родион Малиновский эсептелет. Ал 11 жыл шаарыбызда жашап, кайрадан үйлөнгөн, ушул жерде бешинчи баласы — кызы Наталья төрөлгөн.

Родион Яковлевич Ыраакы Чыгышка дароо эле жеңиштен кийин батышты көздөй кетип, Австрияга жана Чехословакияга туш болгон. Чыгыш өлкөлөрүндө советтик-япондук согуш чыкканы турган, ошондуктан ал жерлерде дасыккан аскер башкаруучулары керек болгон. Ал эми Малиновскийдин тажрыйбасы өтө көп болчу: фашисттер менен согушууда ал Түштүк фронттун башында турган.

Бир сөз менен, 1945-жылдын жайында Малиновский чыгышка жөнөтүлгөндө, ал жерге өзүнөн биринчи анын атагы биринчи жеткен. Родион Яковлевич күтүүсүздөн Квантундук армиянын ар жагына чыгып өзүнүн регалияларын далилдеген: анын башкаруусунда советтик аскерлер Монголия жана Гоби чөлү аркылуу Маньчжурияга курчап алып, легендарлуу марш-ыргуусун аткарышкан. Малиновскийге ушул операциясы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан соң, Родион Яковлевич Забайкальско-Амурск аскердик округунда (аны Ыраакы-чыгыш округу деп 50-жылдарда аташкан) башкаруучу болуп Хабаровскто калган. Албетте, өлкөнүн чыгышында абал дагы көп жылдарга чейин чыңалган бойдон калат, алдыда Даманский аралынын айланасында чыр күтүп жатат жана албетте ыраакы-чыгыштык аскерлер Малиновскийдин сергек башкаруусунун астында ар кандай үйрөтүүлөрдө, полигондордо жана марш-ыргытууларда чеберчилигин курчутуп келишкен.

Ошол эле учурда Малиновский "ишенип берилген гарнизондун" инфраструктурасынын өнүгүүсү менен активдүү алек болгон. Атап айтканда, 1956-жылы борбордук спорт аренасы – Ленин атындагы стадион, жана Москвага которуудан кийин (анын буйругу менен) — көрктөндүрүлгөн жээги менен жанаша сейил бак курулган. Курулуш өтө масштабдуу болгон: аскерлер жана жөнөкөй жарандар саздын оордуна сегиз метрдик дамбадан, миллион кубометр майда таш жана кум-майда таштан турган аралашманы төшөп чыгышкан.

Белгилеп кетчү нерсе, 1954-жылы Хабаровскиге келип Амур тараптан архитектуралык кебетесин жактырбаган Никита Хрущев, ушул курулуштун башталышына региондун бийлигин өзү "түрткөн" деген нуска бар. Ошондон баштап курулуштун идеясын гана эмес анын аткаруучусун дагы издей башташкан. Мына ушул жерден Малиновскийдин армиясынын жакында эле түзүлгөн спорт клубу (ал учурда Хабаровскто футбол жана топ менен хоккейи боюнча мекемелик командалар бар болчу) үчүн спорттук базаны куруу сунушу керек болду.

1956-жылдан баштап "нөл" жылдардан башталган иш орун алган. Майда таштын ири көлөмүн алып келүү үчүн бүткүл Ыраакы Чыгыштан техниканы алып келе башташкан. Башкалар менен кошо, бул жерде экинчи дүйнөлүк согуш учурунда ленд-лиз аркылуу алынган америкалык "Студебеккерлер" да иштешкен. Аларды "тапткары" аяшкан эмес, анткени Советтер Союзу иштен чыккан техника үчүн төлөгөн эмес. Анын үстүнө, алардын эсептен чыгаргандан кийин колхозго же ишканага алып кетүү мүмкүн болгон.

Малиновский Москвага которулуп кеткендиктен комплексти куруп бүтүрө алган жок. ЫЧО кийинки башкаруучусу аскердик куулукту колдонгон: солдаттарга дем күч берүү үчүн, ал Хабаровскто Магадандан, Камчаткадан, Сахалинден (Хабаровск аркылуу үйүнө кайта турган жоокерлерден) "аскерге милдеттүү"-дембелдерди чогултуп, аларга маселени койгон, алар аткаргандан соң эрте кызматтан кетишкен. Ленин атындагы стадион "дембелдик аккорд" ыкмасы менен сланган деп ачык айтса болот.

Жана дагы ЫЧО Хабаровскто жеке жашоосун курган. Ыраакы Чыгышка бара жатып, эвакуацияда болгон Иркутскидеги үй-бүлөсүн алып кеткен. Бирок төрт жылга бөлүнгөнү үй-бүлөлүк бакытка таасир тийгизди: Малиновский биринчи аялы менен жашоону уланткан жок, анын үстүнө, 1942-жылдан бери анын "сүйлөшкөн кызы" Раиса бар болчу. Маршал Хабаровскто ажырашып, кайра үйлөнүп 1946-жылы "календардын кызыл күнүндө" Наташа аттуу кыздуу болгон. Ал кийин легендарлуу атасынын башкы архиватору жана филолог-испанист болуп чыгат.

1956-жылы Малиновский үй-бүлөсү менен Москвага келип, жашоосунун акыркы күнүнө чейин (1967-жылга чейин) СССРдин коргоо министринин ордун ээлеп келген.

Родион Малиновский, ачык булактардан алынган сүрөт.

1971-жылдын июнунда Хабаровсктун Түштүк кичи районун активдүү куруп баштоону пландаганда эмгек сиңирген маршалдын элесине Малиновский көчөсү пайда болду. Бардык жыгач имараттар алынып салынып, ордуна 5 жана 10 кабаттуу "панелдүү үйлөр" пайда болгон.

Амурдагы масштабдуу суу ташкындоо 2013-жылы Малиновский көчөсүн "айылдык" башталышка алып келген: бул жерге суудан жабыркагандарга 3 кабаттуу үйлөрдөн коттедждерге чейин бир нече ондогон үйлөрдү салып беришкен.

2002-жылы Хабаровскто Малиновскийдин буйругу боюнча салынган Ленин атындагы стадиондун парк аймагында Родион Яковлевичтин коло бюсту орнотулган. Скульптураны Эдуард Маловинский жараткан.

Малиновский көчөсү Google Картасында

"Көчө үнү" галереясы